22:24
USD 81.13
EUR 95.80
RUB 1.06

Токмокто каракчылык менен кол салганга шектүү делген 2 жаран кармалды

Токмокто каракчылык менен кол салганга шектүү делген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-майда 80 жаштагы М.Х. аттуу жаран милицияга арызданган. Ал үйүнө келип 12 миң сом акчасын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү суранган.

«Аталган окуяга шектүү делген 2 жаран кармалды. Алар буга чейин бир канча жолу соттолгондугу маалым болду. Учурда шектүүлөр тергөө абагына киргизилди», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар