Бүгүн Балыкчы шаарынын мэри шайланат

08:56, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Балыкчы шаарынын мэри шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрлик кызматка эки талапкер ат салышмакчы. Аталган кызмат ордуна «Кыргызстан» фракциясы Мирбек Шакировдун, «Замандаш» фракциясы Марат Кудайбергеновдун талапкерлигин көрсөтүштү. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.