Чүйдө мал уурдоого шектелген адамдар колго түштү

16:04, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Кемин РИИБнын кызматкерлери мал уурдоого шектелген адамдарды колго түшүрдү. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 30-мартында Кемин РИИБге 61 жаштагы Ш.Ж. аттуу тургун арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр Жаңы-Жер айылындагы сарайдан бодо малын уурдап качып кетишкендигин айткан.

Аталган окуяга шектелип 29 жаштагы К.У. менен 33 жаштагы Т.А. колго түштү. Уурдалган бодо мал ээсине кайтарылып берилди.