Кадыр түндүн болжолдуу датасы маалым болду

15:30, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бул жылы Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт.

«Быйыл Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган маалга туура келет. Муфтият майдын аягында аталган датаны дагы тактап берет», -деп жазылат маалыматта.