Коопсуз шаар. Долбоор ишке киргенден баштап 98 миңден ашуун эреже бузуу катталды

14:26, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2 ай аралыгында Жол кыймылынын эрежелерин бузууда төлөнгөн айыппулдун эсебинен бюджетке 57 миллион 325 миң 805 сом келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖКККББдан билдиришти.

«Коопсуз шаар» долбоору өлкө аймагында 12-февралда ишке кирген. Ал эми эреже бузгандарга каттар 4-марттан тарта жеткириле баштаган.

Долбоор ишке киргенден баштап 98 миңден ашуун эреже бузуу катталган. Алардын 40 миңге жакыны айыппулду төлөштү.