Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча бюджеттен 381 миллион сом каралат

14:19, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом каралат. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы 197 миллион 200 миң сом коротуу пландалган.

«Аталган каражатка жабдыктар, атайын каражаттар жана унаалар сатылып алынат. Азыр ачык сынак жарыяланды», -деди ал.