Ноокен районунда үй өрттөндү

12:21, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 75 чарчы метр чатыры, эшик-терезелери жана эмеректер күйгөн.

Азыр өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.