Алматы-Бишкек унаа жолундагы кырсыкта 9 киши каза болду

11:29, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Алматы-Бишкек унаа жолунда кырсык катталып, 9 киши каза болду. Бул тууралуу Алматы облусунун полиция департаменти билдирди.

Кырсык 12-майда болгон. Эки унаа кагышып, кесепетинен 2 айдоочу жана жүргүнчүлөр мерт кеткен.

«Каза болгондордун өздүгү такталды. Алар Алматы, Шымкент шаарларынын жана Түркистан, Алматы облустарынын жашоочулары болуп чыкты. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Лада үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал бет маңдайда келе жаткан унааны сүзүп токтогон», -деп айтылат маалыматта.