Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, 2 киши ооруканага жеткирилди

10:27, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, 2 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Камри» унаасы кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Камридеги» 1996-жылы туулган С.Ж. аттуу жигит менен 1965-жылы туулган К.А. аттуу аял жабыркаган. Алар тез жардам унаасы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди.