10:25, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.