Бишкекте суу түтүгү жарылып айрым көчөлөрдү суу каптады

09:38, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте суу түтүгү жарылып айрым көчөлөрдү суу каптады. Маалыматты 24.kg агенттигине «Бишкексууканал» ишканасы тастыктады.

Маалыматка ылайык, суу Жибек Жолу проспектисин жана Жумабек менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишин каптаган. «Бишкексууканалдан» билдиришкендей, учурда авариялык бригада окуя болгон жерге жөнөп кетти.