Бул маалыматты тажик президентинин коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода тастыктады. Эскерүү акциясына каалоочулардын баары келсе болот.
«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. Акция биринчи жолу 2007-жылы Тюмень шаарында «Жеңүүчүлөр парады» деген ат менен башталган. 2015-жылдан тарта эл аралык масштабга ээ болгон. Негизги максаты — согуш жылдары өлгөн ата-бабаларды эскерүү.
2017-2018-жылдары Душанбе бийлиги жүрүш уюштурууга уруксат бербей, аны «техникалык» жана коопсуздук маселелери менен түшүндүргөн.
Бул арада Казакстандын Актөбө шаарында жергиликтүү бийлик жүрүш болбой турганын билдирди.