Ош шаарындагы турак үйлөрдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

16:31, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош шаарынын Пахта көчөсүндө жайгашкан № 11,13,15 турак үйлөрдөн чыккан өрт саат 15:55те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры, бөлмөлөрдүн шыбы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок.