Түркия кыргыз мигранттары үчүн эмгек визасын арзандатты

16:15, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Түркия кыргыз мигранттары үчүн эмгек визасын арзандатты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Чыңгыз Айдарбековдун Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Анда 15-майдан баштап эмгек визасы боюнча консулдук жыйымдардын наркы 283 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтүү боюнча нота бекитилди.

Түркияга кыргызстандык жарандардын эмгек визасын ачыш үчүн консулдук төлөмдөр 2019-жылдын 23-февралына чейин 240 доллар болсо, кийин 283 долларга чейин кымбаттаган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын 9 миң 520 жараны эмгек визасын алган. Алар негизинен жайкы туристтик сезондо Анталия, Измир, Бодрум сыяктуу аймактарга келип иштеп кетишет.