18:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Өлбөс полк»- адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди түбөлүккө эскерүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүнө утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсаловго жана Алексей Варавинге барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ар бир ардагердин үйүнө барып, алар менен жылуу баарлашты. Ардагерлер согуш жылдары жана өзүнүн турмуштук жолу тууралуу айтып беришти.

Усубакун Байсаловдун айтымында, ал аскерге 18 жашында чакырылып, согуш бүткүчөктү связист болуп кызмат өтөгөн, эки жолу жарадар болгон, 2-топтогу майып. Жеңишти Польшадан тоскон. Мекенине 1946-жылы кайтып келгенден бери билим берүү жаатында мектеп директору, элдик билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. 95 жаштагы Усубакун Байсаловдун 8 уул-кыздары, небере, чөбөрө, кыбыралары бар.

98 жаштагы Алексей Варавин 1942-жылы Воронеж фронтуна жөнөтүлгөн. Ал артиллериялык полктун курамында согушуп, жарадар болуп, дарылангандан кийин 1944-жылы Звенигород танк дивизиясынын мина ыргыткыч кызыл туу полкуна которулуп, ал жакта согуштун аягына чейин кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени жана «1941—1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн жеӊиш үчүн» медалы менен сыйланган. Согуштан кийин музыкалык мектепте аскердик-дене тарбия даярдыгы мугалими, Украин ССРи жана Кыргыз ССРинде мамлекеттик коопсуздук органдарында эмгектенген. 

Президент эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшкөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмуштук жолу, каармандыгы жана эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү экендигин белгиледи.

«Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы сиздердин эрдигиңер, согуш бүткөндөн кийин өлкөнү калыбына келтирүү боюнча күжүрмөн эмгегиңер мамлекеттин андан аркы өнүгүүсү жана бекемдөөсүнө негиз болуп берди. Биз эч качан ардагерлерибиздин каармандыгын жана Ата Мекенге өтөгөн кызматын унутпайбыз. Эртең мен жылдагыдай «Өлбөс полктун» жүрүшүнө катышам. «Өлбөс полк» — бул биз үчүн, Мекен үчүн жана адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди түбөлүккө эскерүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ардагерлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамына карата символикалуу белектерди берди. Усубакун Байсалов президентке өзүнүн турмуштук жолу жөнүндө жазган китебин тартуулады.

Эң көп окулган жаңылыктар