12:00, 09 мая 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Согуш жылдары — кыргыз адабиятынын толкуну оргуштап, жаңы дем менен алдыга чыккан мезгили. Улутчул Герман өлкөсүнүн огуна каршы мекенчил ыр-саптары менен жаңы жаш акындар, биримдикке жана элди, жерди коргоого сүрөгөн чыгармалары менен жазуучулар чыга келишти. Ал жылдары кыргыздын мыкты адабий чыгармалары, ыр-жыйнактары жазылып, кийинчерек алар «Кыргыз кереметин» жаратуучулар тарабынан тасмага түшүрүлдү.
Белгилүү болгондой Совет бийлиги көпчүлүк акын-жазуучуларды согушка жөнөтпөй тылда алып калган. Алардын арасында Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Түгөлбөй Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев болгон. Аларга элди үгүттөө милдети жүктөлгөн.
24.kg согуш талаасында ок менен бирге, калемин курчуткан таланттарды тизмектеди.
Жоомарт Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен согушка аттанат. Ал аскерде «Мекен үчүн, алдыга!» дивизиялык гезитинин редактору болгон.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары акындын «Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга», «Ата журт үчүн майданга» сыяктуу патриоттук ырларды жазган.
Согуштан кайтып, кызмат боюнча Ысык-Көл боюнда жүргөн кезинде жол кырсыгынан курман болгон.
Ал «согуш кайталанбасын», — деп айткан. Акын-фронтовик согуш талаасында «Баатыр», «Жоокер», «Фронттук дептерден» ырларын жазган.
Акын согушта эки жолу жаракат алат.
Акындын фронтто жазган алгачкы ыры «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» 1943 жылы жарыяланган.
Сүйүнбай Эралиевдин таланты дагы согуш жылдары башталган. 1942-жылы согушка жөнөп, 1944-жылы жарадар болуп кайтып келет.
1949-жылы «Биринчи жаңырык», 1950-жылы «Тууган жер» аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат.
Ташым Байжиев майыптыгына карабай «Манас» эпосунун негизинде жазылган китеби үчүн куугунтукка алынып, камалат. 1952-жылы түрмөдө көз жумат.
Андан тышкары, Узакбай Абдукаимов, Касымаалы Бектенов, Төлөн Шамшиев, Самансур Бөлөкбаев, Абдулхай Алдашов, Райкан Шүкүрбеков, Олжобай Орозбаев, Жунай Мавлянов, Сооронбай Жусуев, Азиз Салиев, Муканбеткалый Турсуналиевдер согушка катышкан.