Бишкектеги Эмен багында өчпөс от жагылды

14:30, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Эмен багында өчпөс от жагылды. Бул тууралуу журналист Таалайбек Жумабек уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Фото

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, от 3 күн бою күйүп турат.

«Жеңиш күнүнүн алдында муниципалдык кызматтын кызматкерлери Кызыл гвардиячылардын мемориалын ирээтке келтиришти», -деп айтышты мэриядан.

Эске салсак, аталган эс алуу жайында советтик бийлик үчүн курман болгонКызыл гвардиячылардын мемориалы орун алган. Эстеликтин батыш тарабында 1970-жылы Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго арналып өчпөс от орнотулган.