Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты берген жок

11:17, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты берген жок. Маалыматты 24.kg агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон тастыкташты. 

Фото

Маалыматка ылайык, «Алтын кум», «Рохат НБУ», «Дилором» жана «Бостон» пансионаттары биздин республиканын менчигинде жайгашкан. Аларды «Мүлк» мекемеси башкарат.

Эске салсак, 2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин чечими менен 4 пансионат биздин өлкөнүн юрисдикциясына өткөн. Өзбекстан арбитраждык сотко берген.

Азырынча иш боюнча акыркы чечим чыга элек. Ал кароодо турат.