Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарында үч миң киши орозо кармап жатат

09:15, 08 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарында үч миң киши орозо кармап жатат. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка таянсак, мусулмандык парздарын аткарып жаткандардын басымдуу бөлүгү Бишкектеги № 1 тергөө абагы менен Москва районундагы Петровка айылындагы № 8 түзөтүү колониясында.

«Учурда Кыргызстандагы абактарда 8 миң адам кармалып турат. ЖАМКнын 500гө жакын кызматкери да орозо тутууда», -деп айтылат маалыматта.