Оштогу «Кудайберген» унаа тетиктерин сатуучу базарда өрт чыкты

17:10, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан «Кудайберген» унаа тетиктерин сатуучу базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм барган.

Өрт саат 12:48де чектөөгө алынып, саат 13:16да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.