Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт
17:55, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 9.00-17.00 — Москва көчөсү, 86, Жукеев-Пудовкин, Сүйөкулов (7- кичи район, Орто-Сай базары), Тыныстанов, 138, Термечиков көчөсүнүн бир бөлүгү, «Көлмө калктуу конушу (Жеткинчек, Илим, Максат, Кеңеш көчөлөрү);
- 9.30-19.00 — «Келечек» жаңы конушу;
- 9.30-17.00 — Леваневский, Туюк, Матыев, көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Лагер, Волочаевский, Яблочный, Иртышский бурулуштары;
- 9.30-18.00 — Жибек Жолу, Пишпек, Январь, Литвинов, Димитров, Интергельпо, Осипенко, Тюмень, Манас, Турусбеков, Толстой, Коенкозов, Чуйков, Логвиненко көчөлөрүнүн бир бөлүгү,
- 10.00-17.00 — М.Жалил, Чүй, Осмонкул, Курманжан Датка;
- 10.00-18.00 — «Алтын-Ордо», «Учкун» конуштарынын айрым көчөлөрү;
- 14.00-17.00 — Пушкин, Тыныстанов.
- 15.00-17.00 — Матросов, Елецкий;
- 15.00-16.00 — Менделеев.