10:31, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
А.Н. аттуу жаран Сирия-Ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.
Ал Кыргызстанда кармалып, камоого алынды.