Уулу Британиянын ханзадасы Гарри уулду болду

09:28, 07 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Уулу Британиянын ханзадасы Гарри уулду болду. Бул тууралуу эл аралык ЖМК жазып чыкты.

Гарринин жубайы Меган Маркл 6-май күнү таң эрте төрөгөн. Маалыматка караганда, эне-баланын абалы жакшы. Наристе 3 килограмм 260 грамм төрөлдү. 

Фото

Белгилей кетсек, Меган Маркл америкалык актриса. Ал Англия ханзадасына турмушка чыккандан бери журналисттер тарабынан сынга алынып келет. Меганды Марклды көбүнчө атасы жана бир туугандары менен байланышын үзгөндүгүнө айыпташат.