Бюджеттик уюмдар күйүүчү-майлоочу майга 3 миллиард сомдон ашуун каражат короткон

17:55, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Былтыр бюджеттен каржыланган уюмдар жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү-майлоочу майга 3 миллиард 47,4 миллион сом коротушкан. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Быйыл дагы күйүүчү-майлоочу майга ушундай эле сумманы коротуу пландалган.

«Күзгү-кышкы мезгилден чыгуу үчүн көмүр жана башка отундарга 4 миллиард 568,8 миллион сом, мазутка 1 миллиард 4,2 миллион сом коротулган. Бул жылы дагы чыгымдар мурункудай эле болот», -деп билдиришти министрликтен.