Эртең өз маалында төлөмдөрдү жүргүзбөгөн жарандардын жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКсы билдирди.
Бишкек шаарындагы «акылдуу» эсептегичтерге кошулган 6 800 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Алардын карыздарынын суммасы 12,8 миллион сомду түзөт.
«Ыйык Орозо айында ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.