Ош шаарынын тургунун бак басып калып каза болду

15:10, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында өз үйүндө терек кыйып жаткан кишини бак басып калды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,. бак басып калган жаран Амир-Темир конушунун 114-көчөсүнүн 1984-жылы туулган тургуну А.А. экендиги аныкталган.

Ал окуя болгон жерден каза болгон.