14:19, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин 40 пайызы аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Анын билдирүүүсүндө, коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоочу органдарды эсепке албаганда мамлекеттик кызматта 18 миңге жакын адам иштейт. Анын 40 пайызы аялдар.
Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңге жакын адам эмгектенет. Анын 8 миңден көбү муниципалдык мекеменин кызматчылары, аялдар мында 30 пайызды түзөт.