Бишкекте жол кырсыгында 3 киши жабыркады

13:53, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгында 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн Орозбеков көчөсүндө саат эртең мененки 8:20да болгон.

«Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү унаа «Мерседес» үлгсүндөгү унаа менен сүзүшүп, кесепетинен 2 айдоочу жана бир жүргүнчү жаракат алышкан.

«Жабырлануучулар ооруканага кайрылышты. Унаалар айып төлөөчү жайга токтотулду», -деп айтылат маалыматта.