11:13, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кечээ Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айылында сууга агып кеткен 34 жаштагы адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык саат 09:22 чамасында болгон.
Анда 1985-жылы туулган эркек киши жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн Тоскоол-Ата сайындагы сууга түшүп кеткен. Жерине ӨКМден куткаруучулары барып, аны суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.