16:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Улуу Жеңиш күнүн утурлай Бишкекте «Жаш баатыр» иш-чарасы уюштурулду

9-май -Улуу Жеңиш күнүн утурлай Бишкектин Каражыгач эс алуу жайында «Жаш баатыр» фестивалы өттү. Иш-чарага жеткинчек жана өспүрүмдөрдөн турган топтор катышып, аскердик-спорттук оюндарды элге тартуулашты. 

Уюштуруучулардын бири «Альфа» атайын бөлүмүнүн Эл аралык ардагерлер ассоциациясынын улуттук уюмунун президенти Юрий Погибанын айтымында, фестиваль «Жеңиштин мураскорлору» ураанынын алдында үчүнчү жолу өтүп жатат. Бул жылы Бишкектен сырткары Ысык-Көл жана Кара-Балтадан аскердик-патриоттук клубдун мүчөлөрү келишкен. 

Балдар мекенчилдикке үндөгөн ырлардан аткарып, согуштук искусствону, чеберчиликти көрсөтүштү. 

Эске салсак, өлкө аймагында аскердик-патриоттук клубдардын саны 14. Катышуучуларга сыйлыктар 9-майда Жеңиш аянтында тапшырылмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума