Кыргыздар Голландияда «Өлпөс полктун» жүрүшүнө катышты

10:04, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыздар Голландияда «Өлпөс полктун» жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу Кыргыз-голланд ишкер кеңешинин негиздөөчүсү Жаркын Кошоева билдирди.

Анын айтымында, Амстердам шаарында «Өлпөс полк» жүрүшү биринчи жолу уюштурулду.

«Аны уюштурууга кыргызстандыктар активдүү катышты. Мен чоң атам Сулайман Кошоев жана чоң атамдын иниси Садык Найманбаевдин сүрөттөрүн көтөрүп чыктым», — дейт ал.

«Өлпөс полк» жүрүшү Бишкек шаарында 9-май күнү өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.