Сооронбай Жээнбеков Орозо айында соопчулук иштерди жасоого чакырды

09:56, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы, Орозо — ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы экенин белгилейт.

«Элибизди тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине жардамдашууга, урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат. Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Президент эл ичине ынтымак, жергебизге бейпилдик тилеп өттү.