Ыйык Орозо айы башталды

09:30, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн ыйык Орозо айы башталды.

Кыргызстандан сырткары, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан мусулмандары дагы Орозо кармоону 6-май күнү баштады.

Белгилүү болгондой, Россияда Орозонун башы 5-майга белгиленген.

Фото

Ооз бекитүү 6-майдан 5-июнга уланат. Айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ал эми Курман айт августтун 15терине туш келет.