08:43, 06 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кечээ Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында — 4,5 балл, Ыштык айылында — 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.