Токмоктун көчөлөрүндө бензинди мыйзамсыз сатып жатышат

16:37, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында көчөлөрдүн көп жерлеринде бензинди мыйзамсыз сатып жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

«Бензинди куюп сатууга тыюу салынса дагы, алар аткезчилик жол менен сатууну улантып жатат. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик буга көз жумуп коюуда?», -деп суроо салды окурман.