Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлери 20 миң сом алышат

15:15, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады.

Ал үчүн президенттин резервдик фондунан 7 миллион 91 миң сом бөлүндү.

Жөлөкпулду Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, ветерандары, согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдар алышат.