Балыкчы шаарынын мэрлик кызматы үчүн 2 талапкер ат салышууда

14:02, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарынын мэрлик кызматы үчүн 2 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Аталган кызмат ордуна «Замандаш» фракциясынан 26 жаштагы Марат Кудайбергенов жана «Кыргызстан» фракциясынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров ат салышып жатат.

Шайлоо 14-майда өтөт.

Эске салсак, мурунку шаар башчысы Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.