14:02, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Балыкчы шаарынын мэрлик кызматы үчүн 2 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Аталган кызмат ордуна «Замандаш» фракциясынан 26 жаштагы Марат Кудайбергенов жана «Кыргызстан» фракциясынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров ат салышып жатат.
Шайлоо 14-майда өтөт.
Эске салсак, мурунку шаар башчысы Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.