Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иштери кайра каралбайт

11:42, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын өтүнүчү боюнча чечим чыгарды.

Буга чейин жактоочулар камактагылардын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу өтүнүч менен кайрылбай, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы жагдайлар боюнча териштирүүгө жиберилишин өтүнүшкөн. Бирок, Жогорку сот өтүнүчтү четке кагып, мурунку өкүмдү күчүндө калтырды.

Коргоочулар Өмүрбек Текебаевдин Жалал-Абаддагы 1990-жылы жаш мугалим катары алган жер аянты аталган кылмыш ишине эч кандай тийиштиги жок экенин айтышууда. Анын катарында эски «Волга» унаасы дагы бар.

Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.