10:37, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз эли 1990-жылдардын башында Советтер биримдиги кулаган маалда эле биримдигин көрсөткөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элдер ассамблеясынын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада айтты.
Ал билдиргендей, 1990-жылкы окуялар баардык өлкө үчүн тарых сабагы болуп калды.
«1990-жылы республиканын түштүгүндө болгон окуя этникалар арасында чыңалууну жараткан. Бул абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөн», -деди президент.
Ал кыргыз эли ар түрдүү улуттар менен бирге жашоону колдоп келгенин кошумчалады.