Бишкектеги жаңы гүлбакчага 3 метрлик комуз, тегирмен, отургучтар орнотулду

09:18, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Анкара менен Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбакчада 3 метрлик комуз, тегирмен, отургучтар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган жыгачтан жасалган буюмдар Бишкек жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлерине таандык. 

Жаңы эс алуу жайы «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» калктуу конуштардын калкы үчүн ачылат. Буга чейин мэрия жаңы гулбакчанын аянты 25 миң чарчы метрге жете тургандыгын билдирген.