Алматы-Ош-Алматы каттамы ачылат

09:00, 03 мая 2019, Бишкек - 24.kg

7-апрелде Алматы-Ош-Алматы каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар QAZAQ AIR авиакомпаниясына таандык. Алар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт.

«Билеттин баасы бир тарапка учуу үчүн 48 долларды түзөт. Жетүү убактысы 1 саат 5 мүнөт. Кыргызстандан Алматыга азырынча «Манас» аба майданынан гана учууга болот», -деп билдиришти аба майдандан.