Жеңиш күнү № 8 жана № 2 троллейбустардын каттамдары өзгөрөт

14:37, 02 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, № 8 жана № 2 троллейбустардын каттамдары өзгөрөт.

Шопоков көчөсүнүн жабылышына карата № 8 троллейбус Жибек Жолу проспектиси боюнча Байтик Баатыр көчөсүнө айланып барат. Ал эми № 2 троллейбус Лермонтовдон Чүй проспектисине чейин жүрөт. Коомдук унаалар салтанаттуу иш чара аяктаганга чейин ушундай каттамдарды аткарышат.