Сокулук районунда талап тоноого шектүү делип 3 милиция кармалды

14:13, 02 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда талап тоноого шектүү делип 3 милиция кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр жарандан 430 долларын карактап кетишкен.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири милициянын формасын кийип жүргөнү анык болду. Алар Бишкектин патрулдук-пост кызматынын кызматкерлери болуп чыкты. Алар жабырлануучудан чөнтөгүндөгү баардык документтерди алып чыгуусун суранышкан, андан кийин акчасын алып алышкан. Шектүүлөр Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп билдиришти ОИИББдан.