18:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Токмокто 61 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип эки жаш жигит колго түштү

Токмок шаарында 61 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип эки жаш жигит колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Токмок ШИИББга күч колдонуп өлтүрүлгөн эркек киши аймактык ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Маркумдун өздүгү такталып, ал 61 жаштагы Г.Ф. аттуу жаран болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Ф. жана 26 жаштагы З.У. кармалды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркум менен шектүүлөр мас болуп, натыйжада өз ара пикир келишпестик пайда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар