10:01, 02 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте фонтандын сезону ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Тазалыктын» кызматкерлери 1-майда фонтандык комплексти ишке киргизди. Ишкананын карамагында 16 комплекс бар. Алар ар күнүн саат 10дон кечки саат 7ге чейин иштеп турат. Ал эми Ала-Тоо аянтындагы жана Тарых музейнин алдындагы фонтандар кечки 9га чейин иштейт.
Фонтандык комплекстерге саат 14:00дөн 16:00гө чейин моторлору жана кыймылдаткычтары күйүп кетпеши үчүн, тыныгуу берилет.
Ала-Тоо аянтында гүлдөрдү отургузуу уланууда.