Жыл башынан бери бензин 2,5 сомго арзандады

09:27, 02 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Январь-апрель айлары аралыгында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы жыл башына салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери бензин 2,5 сомго, дизелдик майдын орточо баасы 1,5 сомго арзандаган.

Бүгүнкү күндө АИ-80 үлгүсүндөгү майдын орточо баасы 38, 4 сомду, АИ-92 39,4 сомду, АИ-95 42,7 сомду түзүүдө. Дизелдик отун 44 сомдон сатылууда.