15:30, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Тенти-Булак тилкесинде 1 гектар аянттагы куураган камыш күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле Байзак айылындагы Ак-Чий тилкесинде ачык аянттагы 1,5 гектар куураган чөп жана камыш күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.