Ош-Бишкек жолунда эки жүк ташуучу унаа сүзүшүп, бир киши мерт кетти

10:42, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош-Бишкек жолунда эки жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 1 киши мерт кетти. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 473-чакырымында катталган.

Бензин ташуучу унаа менен «Мерседес-Гигант 711» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.