07:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек шаарына 141 жыл. Концертте адашып кеткен балдар ата-энесине кайтарылды

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөө иш-чарасында адашып кеткен 14 бала ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Кечээ шаар күнүнө карата баш калаанын ар кайсыл аймагында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. Кечинде Өзбекстандан келген эстрада жылдыздары жана жергиликтүү ырчылардын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Иш-чара дээрлик түнкү 11ге чейин уланды.

Шаар күнүн майрамдоо үчүн аянтта миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөштү.

Эң көп окулган жаңылыктар